Ош шаарында быйылкы жылдын планы боюнча бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Кудайберди Каримов билдирди.
Шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздоо багытында долбоорлор ишке ашырыларын айтты.