Ак-Талаалык Темирлан Руслан уулунун ийгилиги

turmush
Скачать
Просмотров: 615
 
Опубликовано 3 Декабря 2021, 00:26

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан спортчу Темирлан Руслан уулу спорттун пауэрлифтинг түрүнөн ийгилик жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Руслан уулу Темирлан 2003-жылы 17-февраль күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. Үч жашынан тарта Жаңы-Талап айылында өсүп, чоңойгон. Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алып, андан соң Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине окууга тапшырып, учурда билим алууда. Эки бир туугандын кичүүсү. Атасы Руслан Айдаров айдоочу, апасы Роза Музалиева тигүүчү болуп эмгектенет.

Бир жарым жылдан бери пауэрлифтинг спорту менен машыгып келе жаткан Темирлан 2021-жылы Дубайда өткөн уландар арасындагы дүйнө кубогунда 1-орунду багынткан.

"Бул спорт менен машыгып жүргөнүмө бир жарым жыл болду. Ушул жыл аралыгында эл аралык ири мелдешке 2 жолу катыштым. Биринчисинде, ушул жылдын июнь айында Дубайда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн ири мелдеште 1-орунду камсыздап, алтын медалга ээ болдум. Экинчисин, 25-ноябрдан 6-декабрга чейинки аралыкта Грузия өлкөсүнүн Тбилиси шаарында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатына катыштым. Тилекке каршы ийгилик жарата алган жокмун. 8-орунду ээледим. Кудай буюрса, кийинки мелдештерде ийгилик жаратам. Машыктыруучум Жабраилов Аднан Заиндиевич. Ушул адамдын колдоосу, тарбиясы жана машыктыруусу менен мелдештерге барып жүрөм", - деди Темирлан.

Каарманыбыз Т.Руслан уулу спортко келишине ден соолугу түрткү болгондугун айтты.

"Өзүм кичинекей кезимде эле спорттун эркин күрөш, волейбол түрүнө кызыкчумун. Бирок, ден соолугума байланыштуу алектене албадым. Кийинчерек, бир байкенин сунушу менен пауэрлифтинг спортуна аралашып калдым. Бул жакка эң биринчи келгенде 60 килограмм салмактагы штанга көтөрүп баштагам. Учурда 90 килограмм салмактагы штанганы 3 жолу түртөм. Өкүнүчтүү жагдай болуп жатат. Учурда окуйм. Мелдештерге баруунун алдында 1 ай окуу, машыгуулардан өтөбүз. Окуу жайдан сурансам 1 айга руксат бербей коюшту. Кыскасы, спортту же окууну танда дегендей кылышты. Айла жок спорт тандоого туура келип жатат", - деди Темирлан.

Ал эми Темирландын апасы Роза Музалиева Темирландын бутуна 11 жолу оор операция жасалгандыгын айтты.

"Уулум төрөлгөндө эле тизеси түз болуп, мындай белги бутунун учунда дагы болгон. Эки жамбашынан операция жасаттырдык. Тубаса баспай калуу коркунучу бар эле. Бирок, бир аздан операция жасоо жолу менен жүрүп отуруп, таяк менен басып калды. Андан кийин, таякты таштап өз алдынча басып калды. Жалпы 11 жолу операция жасалды. Өз алдынча басып калгандан кийин спортко кызыгып, мен каршы болгонума карабай спорт менен алектенип, ийгиликтерге жетип жатат. Бийлик тарабынан спортко жакшырак көңүл бурулуп, колдоолор болуп турса болот эле. Мисалы, ушундай ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчу балдарга мелдештен келгенде кандайдыр бир сыйлык тапшырып, көңүлдөрүн көтөрүп, стипендия чектеп берип, мелдештерди көбүрөк өткөрүп берип турушса, колдоп коюшса дем-күч болот эле. Учурда, уулум Темирлан окуу жайда 2-курста окуп жатат. Бирок, чектөөлөр болуп калды да. Мелдештерге кетерде окуу жайдан түшүнүү менен карап, жиберип коюшса болот эле. Анткени, Кыргызстандын Туусун чет өлкөдө желбиретип, намыс талашып жүрөт да. Өткөндө Грузияга мелдешке барууга окуу жайынан руксат бербей коюшту. Бирок, Темирлан болбой эле мелдешке кетип калды. Жми минтип окуудан чыгаргана жатышат. Ушундай нерсени туура түшүнүк менен карашса", - деди Р.Музалиева.