COVID-19 илдетине каршы эмдөөгө эмне тоскоол болууда?

turmush
Скачать
Просмотров: 593
 
Опубликовано 24 Июля 2021, 03:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети менен 7 адам, пневмония менен 11 адам дарыланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбордун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Жылдызбек Мурзабек уулунун айтымында, учурда аталган илдеттер күч алып бүгүнкү күнгө карата COVID-19 илдетине чалдыккан 7 адам жана пневмония оорусуна чалдыккан 11 адам дарыланууда. Мунун ичинен 6 адамдын абалы оор.

Мындан тышкары, COVID-19 илдетине каршы эмдөө иштерин жүргүзүү максатында 16 эмдөө пункту ачылып, эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда, жалпы 2128 адам эмдөөдөн өткөрүлдү.

Жылдызбек Мурзабек уулу эмдөө иштерине интернет булактарындагы терс пикирлер тоскоолдук жаратып жаткандыгын айтты.

"Кош бойлуу энелерге, бала эмизген энелерге, COVID-19 илдети менен ооруп айыкканына 3 ай болгон жарандарга, талма оорусу барларга, 4- статьялары онкологиялык оорулууларга, химиотерапиялык оорусу барлар жана астма түрүндө катуу кармаган оорусу барларды эмдөөгө болбойт. Дүйнө элин дүрбөлөңгө салып жаткан аталган илдетти эмдөө менен гана алдын алууга болот. Учурда интернет булактарында тастыкталбаган терс пикирлер, маалыматтар элдин аң-сезимине терс таасирин тийгизип, көппчүлүк эмдөөдөн баш тартып жатат. Кытай, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн эли эмдөөдөн активдүү өтүп жаткандыгына байланыштуу оорунун саны кескин түрдө кыскарып жатат. Ошондуктан жарандарыбызды эмдөөдөн өтүүгө чакырат элем", - деди Ж.Мурзабек уулу.