Кароосуз калган имарат кайрадан спорт зал болду.

turmush
Скачать
Просмотров: 295
 
Опубликовано 21 Июня 2021, 19:16

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы көп жылдан бери каралбай калган зал кайрадан спорт зал болуп ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, союз учурунда тоют цехи үчүн курулуп, кийин тегирменге айланып, андан соң спорт зал катары колдонууга берилип, бирок каралбай калган имарат Семетей Амангазиев, Азамат Барктабасов сыяктуу активист жаштардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдолуп, кайрадан спорт зал катары жаштарга пайдаланууга берилди.

20-июнь спорт залдын ачылыш аземи белгиленип, ага мурунку айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков, ардагер мугалим Сапаралы Орозалиев, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө спорт залды оңдоо иштерине демөөрчүлүк кылган жана курулуш иштерин бекер жасаган айрым жарандарга жаштардын ыраазычылык каты ыйгарылды. Ошондой эле, залдын пайдаланууга берилишинин урматына арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Союз учурунда тоют цех катары курулуп, кийин менчикке чыгып кеткен имараттын таржымалын С.Орозалиев айтып берди.

"Бул имарат союз учурунда тоют цех болуп курулган. Союз тарагандан кийин мектепке спорт зал катары берилген. Кийин, кыйынчылык учурунда ишкер А.Салымбековго тегирмен үчүн берилген. Ошол боюнча менчикке өтүп кеткен эле. Ал тегирмен дагы иштебей калып, имарат ошол боюнча кароосуз калган", - деди С.Орозалиев.

Мурунку айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков аталган имарат 2014-жылы 2 млн 600 миң сомго оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүн айтат.

"Бул имарат 1978-жылы курулган. Ортодо ар ким ар кандай колдонуп келишкен экен. Мен 2012-жылы айыл өкмөт башчы болуп келгенде каалга, терезелери жок, туш тарабы ачык болчу. Ичине эшектер кирип алып көлөкөлөчү. Белгилүү ишкердин менчигине өтүп кетиптир. Бирок, ал киши кайра кайтарып берип, биз дем берүүчү грантка долбоор жазып, 2014-жылы 2 млн 600 миң сомго оңдоо иштерин жүргүзгөнбүз. Андан бери, айрым учурларда балдар кирип кичи футбол, баскетбол ойноп жүрүштү", - деди Т.Турусбеков.

Активист Семетей Амангазиев имарат учурда 50 миң сомдон ашык каражатка оңдолгондугун айтты.

"Имаратты оңдоо үчүн бир топ мекенчил агаларыбыздан, инилерибизден каражат сурап кайрылдык. Алар колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Жалпы 50 миң сомдон ашык каражат жумшалды. Каалгаларын, терезелерин жаңырттык. Ичи-тышын сырдап, бөлмөлөрүн оңдодук. Оңдоо иштерин "Ак-Талаа ынтымак ордосу" уюмунун жаштары бекер жасап чыгышты", - деди С.Амангазиев.