Баетовдо волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 234
 
Опубликовано 21 Июня 2021, 13:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында "Ынтымак кубогу" аталыштагы спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 20-июнь күнү көп жылдардан бери кароосуз турган спорт залдын кайрадан пайдаланууга берилгендигине урматына, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында жаштардын уюштуруусу жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү. Мелдештин жалпы байге фонду 17 миң сомду түзүп, ага 7 команда катышты.

Жеңүүчүлөр;

- 1-орунду "Баетов 40 жаш" командасы,
- 2-орунду "Баетов 90" командасы,
- 3-орунду "Байгөнчөк" командасы,
- 4-орунду "Баетов спорт" командасы камсыздады.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай байгелерге ээ болушту.